1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Студенттерди лидерликке багыттаган алгачкы жолугушуу

12-март күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттер үчүн лидерликке багытталган алгачкы жолугушуу өткөрүлдү. Бул иш-чара Жаштар комитетинин мүчөлөрү,ыктыярчылар тобунун төрагасы Эсенбаев Бектемир жана окуу жана илим иштери боюнча сектор башчы Байгазиева Гүлсана тарабынан уюштурулуп, “Ассоциация лидеров Евразии” долбоорунун колдоосу менен ишке ашты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер бири-бири менен таанышып, кызыктуу жана пайдалуу көнүгүүлөрдү аткарышты. Ошондой эле лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө багытталган маалыматтар берилди. Катышуучулар активдүү катышып, өз ойлорун бөлүшүп, жаңы тажрыйба алышты. Мындай жолугушуулар студенттердин лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, тажрыйба топтоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачууга жардам берет. Долбоордун келечеги кең жана келечекте студенттер үчүн ар түрдүү билим берүүчү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.