1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

7

Студенттик кеңештин демилгеси менен  ишкердик оюн өткөрүлдү

Студенттик кеңештин демилгеси менен 13-февралда Агрардык-Техникалык Институттун (АТИ) китепканасында ишкердик оюн өткөрүлдү. Иш-чараны окуу жана илимий иштери боюнча сектор башчы Байгазиева Гулсана жана волонтёрлор тобунун башчысы Бектемир уюштурушту. Оюнга ар түрдүү факультеттердин студенттери катышып, университетте студент жаштарга тиешелүү актуалдуу маселелерди тактап аларды чечүү жолдорун талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө студенттердин китепканага аз баруусу маанилүү көйгөйлөрдүн бири катары белгиленип, бул багытта ар кандай сунуш-пикирлер айтылды. Катышуучулар тарабынан студенттердин кызыгуусун арттырууга багытталган демилгелер жана идеялар сунушталды. Иш-чаранын соңунда китепкана кызматкерлери өз пикирлерин билдирип, студенттерди китепкананын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга чакырышты. Жыйынтыгында командаларга, ошондой эле уюштуруучуларга жана активдүү катышуучуларга ыраазычылык иретинде китептер белекке берилди.