1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

46

ЖАМУда маданият жана искусство багытында жаңы демилгелер талкууланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 23-февраль күнү университеттеги жаштар саясатын өнүктүрүү жана студенттердин маданий деңгээлин көтөрүү максатында театр искусствосу жана маданият тармагында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, белгилүү актёр жана режиссёр Курманбек Ниязбеков менен жаратман студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Аталган бул жолугушууда режиссёр Курманбек Ниязбеков студенттер менен маңдай-тескей олтуруп, театр искусствосунун сырлары, заманбап маданият жана инсандык өнүгүү чыгармачылыктын коомдогу орду тууралуу кенен маек курду. Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында жигердүү студенттер тарабынан кызыктырган суроолорго жооп алышып, чыныгы искусствонун маңызын терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.