1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

225

9–10‑февраль күндөрү Манас шаарында «Модель Жогорку Кеңеш» аталышындагы конференция өткөрүлдү.

Конференциянын демилгечиси жана уюштуруу тобунун мүчөсү Абиджанова Шахзода жетектеген студенттик кеңештин өкүлдөрү да катышышты. ЖАМУнун активдүү студенттери иш-чарага активдүү катышып, лидерлик сапаттарын, талкууну алып баруу жана өз позициясын коргоо жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Иш‑чаранын алкагында ачык сүйлөө жана сүйлөшүү (переговор) көндүмдөрүнө арналган практикалык тренингдер, парламенттик сессияларды имитациялоо, ошондой эле актуалдуу социалдык жана билим берүү маселелерине арналган талкуулар өткөрүлдү. Уюштуруучулар ЖАМУнун делегациясынын жогорку даярдыгын белгилешти. Конференцияда сунушталган идеялар шаардык коомчулуктун жаңы студенттик долбоорлору жана демилгелери үчүн негиз боло алат.