1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

50

«Социалдык долбоорлор: идеядан реалдуу аракеттерге чейин» 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттик кеңеши тарабынан «Социалдык долбоорлор: идеядан реалдуу аракеттерге чейин» аттуу ишмердүүлүк оюну өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин активдүү студенттери Евразия лидерлеринин ассоциациясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, оюндун маңызы, анын практикада кандайча колдонулары тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле катышуучулар социалдык долбоорлорду иштеп чыгуучулардын ролунда өздөрүн сынап көрүштү. Ишмердүүлүк оюнунда студенттер командаларга бөлүнүп иштеп, ар түрдүү идеяларды сунуштап, коомдогу актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү талкуулашты жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун издеп чыгышты. Иш-чара жылуу, динамикалуу жана шыктандыруучу атмосферада өтүп, катышуучулардын активдүүлүгүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Иш-чаранын уюштуруучулары: • ЖАМУнун ыктыярчылар тобунун төрагасы — Эсенбаев Бектемир Акылбекович • ЖАМУнун интеллектуалдык клубунун сектор башчысы — Байгазиева Гулсана Кутубековна • ЖАМУнун активдүү студенти, мобилограф — Абсатарова Кумушай Беделбековна