1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

93

ЖАШТАР КОМИТЕТИНИН МҮЧӨЛӨРҮ "ВРЕМЯ ДЕЙСТВОВАТЬ" ФОРУМУНА КАТЫШЫП КЕЛИШТИ

Чолпон-Ата шаарында Евразия фондунун демилгеси менен уюштурулган "ВРЕМЯ ДЕЙСТВОВАТЬ" аттуу студенттик демилгелер форумуна "Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин жаштар комитетинин төмөнкү мүчөлөрү катышып келишти:1. Эсенбаев Бектемир - ЭЭСС-1-24 тайпасынын студенти, 2. Назирбаев Абдулла - ЛАК-2-24 тайпасынын студенти,3. Абиджанова Шахзода - ФМББ-1-23 тайпасынын студенти, 4. Байгазиева Гульсана - ЧТк-3-24 тайпасынын студенти,5. Абсаттарова Кумушай - СКк-1-24 тайпасынын студенти. Форум студенттердин лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, коомдук жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасын арттырууга, жаштар арасында биримдикти жана активдүүлүктү чындоого багытталды. Иш-чара жаштар үчүн жаңы тажрыйба топтоого, өз ара байланыштарды бекемдөөгө жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн маанилүү платформа болуп берди.