ЖАШТАР САЯСАТЫН ӨНҮКТҮРҮҮ
Бишкек шаарында КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан КРнын Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча жогорку окуу жайларынын координациялык кеңеши 2024-жылдын 16-февраль күнү болуп өттү. Аталган Координациялык кеңешке Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Турдубаев Эсенбек Каныбекович, ЖАМУнун Жаштар иштери боюнча адиси Усенов Адилет Алимжанович, ЖКнын мүчөсү Медетбеков Амантурлар катышышты.
Координациялык кеңештин отурумунда КРнын Жаштар саясаты багытындагы иш-чаралардын планы жана келечеги тууралуу маалымат отчеттору угулуп, ЖОЖдордогу Жаштар саясаты багытындагы маселелер талкууланды. Ошондой эле, алдыдагы өтө турчу жаштар саясаты багытындагы иш-чаралардын планына креативдүү сунуштар айтылды.