1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Акыл — адамдын эң күчтүү куралы!

Кийинки кылымдын эң улуу инновациялары медицина менен илимде болот дешет. А бул багытты алдыга сүрөй турган — бүгүнкү жаш дарыгерлер, ак халатчан келечек багытчылары! 2025-жылдын 29-октябрь күнү интеллектуалдык саякат медициналык институтта уланды. “Жаштар комитети” жана «Даанышман» интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулган 9-оюн. Биздин максат — ар бир факультеттен мыкты командаларды тандап, финалга жол ачуу! Оюн медициналык институттун студенттеринин терең билимин, логикасын жана талыкпас эркин дагы бир жолу көрсөттү. Ак халат кийүү — жоопкерчилик, ал эми акыл таймашында жеңиш — аракеттин жыйынтыгы! Жеңүүчүлөр: 1-орун — «Эверест» (ЛДб 1-25, Анатомия жана физиология кафедрасы) 2-орун — «NeuroTime» (ЛДб 2-25, Анатомия жана физиология кафедрасы) 3-орун — «Триумф» (ЛДк 2-25, Медико-биологиялык дисциплина кафедрасы)