1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

128

Билим менен акыл — келечектин ачкычы!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук колледжинде Жаштар комитетинин жана “Даанышман” интеллектуалдык клубунун колдоосу менен интеллектуалдык оюн болуп өттү. Бул оюн — он факультеттин арасында өткөрүлүп жаткан интеллектуалдык таймаштардын жетинчиси болуп эсептелет. Иш-чарага келечектеги юристтер жана экономисттер активдүү катышып, өз билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана тапкычтыгын көрсөтүштү. Оюндун жыйынтыгында эң мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн тайпалар төмөнкүчө аныкталды: 1-орун — ФК-2-24 тайпасы (Экономика ПЦКсы)

2-орун — ФК-4-24 тайпасы (Экономика ПЦКсы)

3-орун — УТК-7-25 тайпасы (Укук таануу ПЦКсы) Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар позитивдүү маанайда өз билимдерин сынап, келечекке шыктануу алышты.