1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

120

 “Коопсуз миграция жана жаштар: сенин тандооң, сенин укуктарың, сенин коопсуздугуң” аттуу семинар өттү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдыңкы тажрыйба борборунда «Коопсуз миграция: сенин тандооң, сенин укуктарың, сенин коопсуздугуң» аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чарага ЖАМУнун активдүү студенттери жана Жалал-Абад облусундагы адамдарды соода кылууга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү катышышты. Семинар миграция маселелери жана адамдарды соода кылууга каршы аракеттерди күчөтүү, жаштарды маалымат менен камсыз кылуу жана алардын коопсуз миграция боюнча укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду. Иш-чарага ЖАМУнун Жаштар иштери боюнча адиси Адилет Усенов, Миграция жана адамдарды соода кылууга каршы аракеттер боюнча Кеңештин Катчылыгынын эксперти, Координациялык кеңештин өкүлү жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү катышты. Анда, жаштар арасында мыйзамдуу миграциянын мааниси жана мыйзамсыз миграциянын тобокелчиликтери тууралуу маалымат берилди. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү темалар боюнча билим алышты: • Адамдарды соода кылуу түшүнүгү жана анын түрлөрү; • Мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграциянын айырмачылыктары; • Адам сатуунун ыкмалары жана психологикалык манипуляциялар; • Өзүн жана жакындарын коргоонун жолдору. Семинардын экинчи бөлүгүндө интерактивдүү форматта “Суроо-жооп” жана практикалык кырдаалдарды талдоо сессиясы өткөрүлүп, студенттер чыныгы турмуштук мисалдардын негизинде туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн бекемдешти. Иш-чаранын соңунда эксперттер жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, “Мыйзамдуу миграция — максаттарыңа жетүүнүн коопсуз жолу” деген ураанды баса белгилешти. Семинар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп, катышуучуларга маалымат баракчалары жана пайдалуу материалдар таратылды.