1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

142

6-интеллектуалдык оюн – акыл менен билим таймашкан күн

Жалал-Абад педагогикалык колледжинде өткөн алтынчы интеллектуалдык оюн жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул жолу таймашка башталгыч класстын мугалимдери жана мектепке чейинки билим берүү багыты боюнча студенттер катышып, өз билимдерин сынашты. Катышуучулар тарых, логика жана маданият боюнча берилген суроолорго жооп берип, өз акыл-эсин, билимин жана ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү. Жыйынтык төмөнкүчө болду:

1-орун — «Аракет» (Башталгыч класс мугалими ПЦКсы)

2-орун — «Назик күч» (Башталгыч класс мугалими ПЦКсы)

3-орун — «Жаңы дем» (Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсы) Бул оюн жаш мугалимдер менен тарбиячылардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өрчүттү.