1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

116

«Ар бир акыл таймаш — жаңы мүмкүнчүлүктүн эшиги!»

Билимге, логикага жана чыгармачылыкка негизделген акыл таймаштары уланууда! “Даанышман” интеллектуалдык клубунун жана Жаштар комитетинин жардамы менен уюштурулган бешинчи интеллектуалдык оюн Жалал-Абад колледжинде өттү. Бул оюнга өзгөчө кырдаалдардан коргонуу (МЧС) багытынын, маалыматты коргоонун уюштурулушу жана технологиясы, компьютердик иш жана кийим дизайны багыттарында билим алган студенттер катышып, өз акыл-эс потенциалын жана тапкычтыгын көрсөтө алышты. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөндөр:

1-орун — “Логос” командасы (Отзи кафедрасы)

2-орун — “Фактум” командасы (ОК кафедрасы)

3-орун — “Биримдик” командасы (ПОВТАС кафедрасы) Бул оюн студенттердин интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмүн дагы бир жолу даана көрсөттү!