1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

152

Билим менен акыл таймашкан күн

2025-жылдын 15-октябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунда кызыктуу интеллектуалдык оюн болуп өттү! Бул оюн — университет боюнча өтүп жаткан интеллектуалдык таймаштарынын төртүнчүсү болуп саналат. Иш-чара “Даанышман”интеллектуалдык клубу жана жаштар комитети тарабынан уюштурулду. Таймашка институттун энергетика, компьютердик технологиялар жана ветеринардык багыттарында окуган студенттер катышып, өз билимин, ой жүгүртүүсүн жана тапкычтыгын сынашты. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөндөр:

1-орун — “Эрудит” командасы (Энергетика кафедрасы)

2-орун — “Ак шумкар” командасы (БАСС кафедрасы)

3-орун — “Мурас” командасы (БАСС кафедрасы) Бул оюн жаштардын биримдигин чыңдап, интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Алдыда дагы башка институттарда да шыктануу жараткан таймаштар күтүлүүдө!