1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

313

1

Акыл таймаш уланууда

Жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Даанышман” интеллектуалдык оюну бул жолу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтуда. Бул — университет ичиндеги интеллектуалдык мелдештердин үчүнчү оюну, анда келечектеги юристтер, социалдык кызматкерлер жана экономисттер өз ара акыл таймашка чыгышты. Катышуучулар логикалык , тарыхый жана маданий суроолорго жооп берип, өз билимдерин жана логикалык ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү. Бул оюн жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, өз ара достук жана акыл атаандаштыгын чыңдады. Ал эми оюндун жыйынтыгы боюнча 1-орунду экономика кафедрасынын “Биримдик”, 2-орунду Социалдык иш кафедрасынын “Нова”, ал эми 3-орунду Юриспруденция кафедрасынын “Интелектум” командалары багындырды.

Белгилей кетсек, оюн ар бир институттар арасында өткөрүлүп, ЖАМУнун мыкты командасы тандалып алынат.