1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

854

“Даанышман” жана “Кыргызстан” интеллектуалдык клубдарынын биргелешкен оюну!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык институтунда “Даанышман” интеллектуалдык клубу жана “Кыргызстан” интеллектуалдык клубу биргелешип интеллектуалдык оюн өткөрүштү. Бул оюн университет ичиндеги экинчи акыл таймаш болуп, катышуучулар индивидуалдык форматта күч сынашты. Алар логикалык, тарыхый жана маданий суроолорго жооп берип, өз билимин жана ыкчам ойлоо жөндөмүн көрсөтүштү. Билим таймашында 1-орунду Тарых кафедрасынын “Мурас” командасы алса, 2-орунду Математика кафедрасынын “Келечек” командасы багындырды. Ал эми 3-орунду информатика кафедрасынан чыккан "Информатика” командасы алды.

Белгилей кетсек долбоордун максаты — жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана билимге болгон кызыгуусун арттыруу.