ЖАМУда интеллектуалдык оюндардын күзгү сезону башталды

Интеллектуалдык оюн студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, команда менен иштөө жөндөмүн чыңдайт, жаштардын өз оюн эркин билдирүүсүнө жана билимге болгон кызыгуусун арттырууга, убакытты туура пайдалануу өбөлгө түзөт. Мындан улам “Даанышман” интеллектуалдык оюну жыл сайын студенттер арасында өткөрүлүп келет. ЖАМУнун Студенттик кеңеши тарабынан бул жолу филология институтунун кафедралары арасында болуп өттү.
Таймаш ЖАМУнун бардык институттары жана колледждеринде улантылат. Бардык окуу жайларда өткөндөн кийин, финалдык этапта баардык институттардын жана колледжердин эң күчтүү командалары өз ара таймашып, мыктысы аныкталат.
Бул жолку оюнда 1-орунды «Эверест», лингвистика кафедрасы алса, 2-орунду «Каганат», кыргыз тили кафедрасы, ал эми 3-орун «Беш жылдыз» форум тили кафедрасы багындырды.
Белгилей кетсек, интеллектуалдык оюн жыл сайын эки мезгилде күзгү жана жазгы болуп уюштурулуп келет. Акыл таймашы ЖАМУнун «Даанышман» интеллектуалдык клубунун демилгеси жана «Кыргызстан» клубунун кызматташтыгы менен өткөрүлдү.