1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

71

ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ МЭР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2025-жылдын 26-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы жогорку, орто окуу жайлардын активдүү студенттери, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана активист жаштар менен жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун алдыңкы студент-жаштары катышышты. Жолугушууда Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарында аткарылып жаткан жумуштар боюнча учкай маалымат берип, жаштарга жаратылып жаткан мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Андан соң жолугушуу суроо-жооп иретинде улантылып, ЖАМУнун жаштар комитети жана студенттик кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган, жаштарга зарыл болгон шарттарды түзүү жаатында бир катар сунуштарын айтышты. Шаар мэри билимдүү жаштар - өлкөнүн келечеги экендигин баса белгилеп, алар тарабынан айтылган мыкты сунуштарды колдоого ала турганын билдирди. Ошондой эле, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.