ЖАМУНУН №1 ЖАТАКАНАСЫНДА СТУДЕНТТИК КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ

ЖАМУнун Жаштар комитети университеттин №1 жатаканасында жашаган студенттер менен жолугуу иш-чарасы болуп өттү. Алар жатаканадагы абал, студенттерге түзүлгөн шарттар, жатакананын комендантынын, студенттик кеңештин жылдык жана календардык иш-пландарга киргизилген тарбиялык жана башка иш-чаралардын аткарылышы боюнча пикир алышышты. Жатаканада студенттердин жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир этажда тамак даярдоочу ашкана, электр плитасы, стол жана стулдары менен, душ, кир жуучу бөлмөлөргө кир жуучу автомат машинасы орнотулган. Эс алуу жайы, окуу залы уюштурулуп тиешелүү эмеректер менен жабдылып, жасалгаланган. Жатаканадагы активдүү студенттердин курамынан түзүлгөн Студенттик кеңеш уюшулду. Жакын арада дагы жатакананы жакшыртуу боюнча иш пландар түзүлдү. Ошондой эле ар кандай маданий иш чаралар өткөрүлмөкчү.
“Студенттердин билимин жогорулатып, дүйнө таанымын кеңейтүүдө китеп, гезит-журналдар жана сыналгы абдан чоң роль ойнойт. Андыктан окуудан кийин бош убактыларын текке кетирбесин деген максатта иш-чараларды уюштуруу иш-чаралары түзүлдү” – дейт Адилет Усенов.
Азыркы күндө жатаканада 300дөй студент жашап жатат. Студенттерди туура эмес жолго түшүүсүнө, окуусун таптап салуусуна жол бербөө максатында тарбиялык иштер жүргүзүлүп келээрин кошумчалады.