1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаштар комитети
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

147

ЖАШТАР ЖАНА КООПСУЗДУК

2024-жылдын 26-апрелинде Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «ЖАШТАР ЖАНА КООПСУЗДУК» аталыштагы регионалдык жаштар форуму болуп өттү. Аталган иш-чарага КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин  жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлардын жигердүү жана активдүү студент жаштары катышышты.

Алгач ЖАМУнун таланттуу студенттери тарабынан   флешмоб коюлуп, андан соң, ЖАМУнун бүгүнкү студент-жаштарынын жетишкен ийгиликтери боюнча көргөзмө уюштурулду. Форумдун жүрүшүндө ЖАМУда студент-жаштарды ар тараптан өнүктүрүү үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, борборлор, институттар, китепкана, клуб, музейлер жана башка бир канча бөлүмдөр менен тааныштырылды.

Жаштар форумунун максатына ылайык, жаштардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, диний негиздеги чыр-чатактардын, басмырлоонун, экстремизмдин, терроризмдин, эрте никеге туруунун жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу багытында атайы конок катары келген спикерлер тарабынан баяндамалар окулуп, катышуучулар тарабынан суроо-жооптор менен бышыкталды. Ошондой эле, жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын маанилүүлүгү белгиленип, жаштарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.

Жаштар форумунун аягында ЖАМУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программага тартууланды.