1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

4 часа назад

6

Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы жана колдонулушу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология инстиутунун  окутуучуларына жана студенттерге иш кагаздарынын талапка ылайык жүргүзүлүшү  боюнча  иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — мекемеде жана окуу жайда мамлекеттик тилдеги иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелерин сактоо, туура жазуу жана колдоно билүү боюнча маалыматтарды берүү.

Бул иш-чара Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ү.Т.Кайкиева тарабынан уюштурулуп, Филология  институттун директору  ф.и.к,доцент Ч.Асылбекова да катышып, окутуучулар жана студенттер активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

    Иш кагаздарын жазууда Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасындагы  жазуу эрежелери жөнүндө кеңири маалымат берилип, аны жазууда туура жана тактыкка көңүл буруу керек экендигин баса көрсөттү.

Ошондой эле иш кагаздары — бул мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын ортосундагы расмий мамилелерди жөнгө салуучу документтер системасы экендигин жана аларды туура түзүү жана жазуу мамлекеттик тилдин нормаларына, юридикалык талаптарга жана иш кагаздарын жүргүзүү стандарттарына толук жооп бериши керек экендиги жөнүндө толук маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда окутуучулар тарабынан сунуштар айтылып, студенттер суроолоруна жоопторду ала алышты.