- Тарбиялык ишмердүүлүк
- Мамлекеттик тил бөлүмү
Мамлекеттик тил бөлүмү
Мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил тууралу мыйзамдарына, КРнын Президентинин 2013-жылдын 1-токтомундагы 155 номерлүү “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү тууралуу чаралар” жөнүндөгү жарлыгына ылайык, КРнын өкмөтүнүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №788 токтомуна, ЖАМУнун ректорунун 2015-жылдын 10-декабрындагы №361-буйругуна ылайык түзүлгөн.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин факультет жана колледжеринде Мамлекеттик тил бөлүмү мамлекеттик тилди жайылтууну, өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн төмөндөгүдөй маселелерди турмушка ашыруу максатын көздөйт:
Мамлекетик тил бөлүмүнүн максаты
· Мамлекеттик тилди илимдин тили катары колдонуу;
· Университеттин жетишкендиктерин мамлекеттик тилде кеңири пайдалануу жана интернетке жайылтуу;
· Мамлекеттик тилди даңазалоо, окутуучулук-профессордук курамдын студенттердин мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттыруу;
· Көрнөк-жарнак иш-кагаздардын мамлекеттик тилде сабатуу жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;
· Университеттин чет өлкөдөн келген студентердин мамлекеттик тил маданиятынын деңгээлин көтөрүүгө, өнүктүрүүгө кепилдиктерин камсыз кылуу;
· ЖАМУнун окуп жаткан ар түрдүү улуттардын, этностордун тилин сактоо барктоо менен кыргызстандыктардын ынтымагын бекемдөөнүн фактору катары мамлекеттик тилди масштабдуу, натыйжалуу колдонууга жетишкен тил саясатын жүргүзүү;
· ЖАМУда мамлекеттик эне тилин, расмий, эл аралык тилдерди сабаттуу билген жаңы муундун чоң тобун тарбиялоо;
· Кандидаттык, доктордук диссертацияларды мамлекеттик тилде жазууну өнүктүрүү;
· Бүтүрүүчүлөр үчүн кыргыз тили предметинен мамлекеттик сынактарды киргизүүнү ишке ашыруу:
Мамлекетик тил бөлүмүнүн функционалдык милдеттери
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жобосуна ылайык мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын чегинде иш жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жобосуна ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып баруу;
- ЖАМУнун бөлүмдөрүндөгү, кафедралардагы, факультеттериндеги иш-кагаздарынын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү;
- Билим берүү стандарттарындагы окуу пландарындагы окуу дисциплиналарын, курстук, дипломдук, магистрдик иштерди мамлекеттик тилде жазуунун сапатын көтөрүү;
- Окуу жайдын аймагындагы көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде сабаттуу жазылышын көзөмөлдөө;
- Жалал-Абад мамлекеттик унверситетинин бардык түзүмдөрүндө (кафедра, факультет, окуу бөлүмү, жатаканалар, колледждерде) иш кагазарын 2015-2020-жылдардын аралыгында мамлекеттик тилге өткөрүүнү толук аяктоого жетишүү.
- Мамлекеттик тилдин өнүгүшүн, анын функционалдык жолдорун жайылтууну күчөтүү;
- Профессордук-окутучулук курамдын мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөп, сабаттуу билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүдөгү ролун күчөтүү
КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын 30 жылдыгына карата Билим берүү жана илим министрлигинин (05.09.19. № 1047/1), КР нын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (29.08.19 ж.№04-06/2368) буйругунун, Жалал- Абад шаардык мериясынын көрсөтмөлөрүнө ылайык бул маанилүү өнөктүктүн эки айлыгын өткөрүү боюнча ЖАМУнун Мамлекеттик тил бөлүмүнүн