1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

“Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик”  жана “Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил” аталышындагы лекция 

Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университети илимий берүү комплексинин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы  Ү.Т.Кайкиева жана “Фундаменталдык колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар”илим изилдөө институтунун   директору, ф.и.доктору, профессор К.Б.Калчакеев  менен биргеликте   Манас шаардык сотунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик”  жана “Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил”-деген темаларда  лекция өткөрүлдү. Бул жолугушуу- улуттун улуулугун, нарктуулугун  даңазалаган каада-салт, үрп-адаттарды жайылтуу жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына  жана президентибиз С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш планынын алкагында уюштурулду. Бул иш–чараны Манас шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Данияр Шаршенбекович Астракулов  ачып берди. Ал эми  уюштуруу ишин  Манас шаардык сотунун консультаты Маканбай уулу Бексултан алып барды. 

Иш-чарада Унгужол боюнча жарлыктын ишке ашыруудагы иш-аракеттер  жана маалыматтар айтылып, негизги пункттарынын бири болгон -Мамлекеттик тилибиздин азыркы учурдагы   коомдогу орду, тарыхый түпкү баалуулугу, укуктук макамы, келечек муун үчүн мааниси, анын адилеттүүлүккө, ынтымакка жана адамгерчиликке үндөгөн күчү тууралуу кеңири баяндамалар  жасалды

   Бул иш-чаранын негизги максаты- “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруудагы иш-аракеттер   жана мамлекеттик тилдин коомдогу ордун чыңдоого, тилдин биримдик жана адилеттүүлүк алып келүүчү күч катары таанылышына багытталды.

Лекция учурунда катышуучулар Уңгужолдогу улуттук идеология, анын ишке ашыруудагы иш-аракеттер жана  мамлекеттик тилдин  тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрү, анын баалуулук катары орду жөнүндө суроолорду беришти.

Иш-чаранын катышуучулары сот тармагындагы иш кагаздарынын жүргүзүүдөгү көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору, юридикалык терминдерди которуудагы маселелер боюнча суроолорду беришти

   Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин статусун бекемдеп гана тим болбостон, улуттук аң-сезимди чыңдоого, тилди сүйүүгө жана аны күнүмдүк жашоодо колдонууга чоң түрткү берет.