1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

29

Кыргыз тили коомунун президенти, коомдук ишмер Р.Курбанов ЖАМУнун студенттери менен жолугушуу өткөрдү

     “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө “конституциялык Мыйзамдын талаптарын ишке ашы рууда жана кыргыз тилин мамлекеттик тил катары коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө колдонуу максатында өзүнүн мекенчилдигин жана өзгөчөлүгүн көрсөтө алган “Кыргыз тили” коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Р.Р.Курбанов ЖАМУнун студенттеринин жолугушуусу өттү.

 Жолугушуунун максаты- жаштар арасында кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу, эне тилди урматтоого үндөө, тилдин тазалыгын сактоо жана студенттердин сүйлөө маданиятын өнүктүрүү.

Иш-чарада Раимжан Курбанов кыргыз тилинин коомдогу орду,тилдин тазалыгы,  эне тилди билүүнүн мааниси, сөз маданияты жана көркөм сүйлөө тууралуу студенттер менен баарлашты. Өз сөзүндө ал жаштарды кыргыз тилин туура жана таза колдонууга, эне тилге аяр мамиле кылууга чакырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тилдин тазалыгы,  сөздөрдү туура колдонуу жана көркөм сүйлөө маселелери талкууланды. Раимжан Курбанов кыргыз акындарынын чыгармаларынан көркөм окуп, студенттерге руханий маанай тартуулады.

  Иш-чара  суроо-жооп форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктыр ган суроолорун берип, коомдук ишмер менен эркин пикир алышты. Р.Курбанов  студент жаштардын суроолоруна жооп берип, кыргыз тилин өнүктүрүүдө жаш муундун орду өзгөчө экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа да тартууланды. Студенттер кыргыз тилин, улуттук баалуулуктарды жана мекенчилдикти даңазалаган ырларды аткарып, көркөм окууларды жана обондуу ырларды аткарышты.

Бул жолугушуу студенттерди    мамлекеттик  тилди сүйө билүүгө аны барктап туура колдоно билүүгө үндөй алды.