1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

79

Медицина институтунун окутуучулары менен жолугушуу

Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы  Ү.Т.Кайкиева медицина институтунун окутуучулары менен биргеликте  “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жана  иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы жана колдонулушу боюнча тегерек стол өткөрдү.

        Бул иш-чарада Кыргыз Республикасында  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама  жөнүндө жобо, анын бөлүктөрү, айрым бөлүктөрүнө киргизилген өзгөртүүлөр,башкаруу документтеринин курамы,документ тердин маалымдаректери бланктардын толтурулушу,документтер менен иштөө, документтер менен иштөөнү уюштуруу аларды  тариздөө боюнча маалыматтар берилди.

   Айрыкча, жыйналыштын протоколдору, анын жазылышы,протоколдун   көчүрмөлөрү боюнча да кеңири маалымат берилди.

   Иш-чаранын катышуучулары активдүү катышышты. Мындай иш-чаралар көбүрөөк уюштурулуп турушун сунушташты.