1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

9 часов назад

11

Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча  жыл жыйынтыгы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  19.05.2026-жылдын №141 буйругунун негизинде мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор А.Т.Маматумаров, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ү.Т.Кайкиева, жаштар иши боюнча адис А.А.Усеновдор  жана  окуу жайдагы институт, колледждердин  жалпы жамааты МТС жана ТИ боюнча орун басарларынын бир жылдык аткарылган иштер боюнча отчетторун угушту.

Бул иш-чарада ар бир институт, колледждердеги кураторлордун  жыл ичинде   иш-пландын негизинде аткарган иштери жана ишмердүүлүктөрү, ата-энелер менен иш алып баруулары жана алар менен өткөрүлгөн  жыйналыштар жана алардын протоколдору, анын жыйынтыктары, тайпадагы  студенттердин сабакка катышуу, жетишүүсүнүн анализдери, мониторингдерге катышуусу жана алардын анализи, тескеме жана буйруктардын  аткарылышы, алардын социалдык тармактарда жайгашуусу боюнча  маалыматтар берилди.

  Бардык институт, колледждеги директорлор,  тарбия иштери боюнча  орун басарлар жыйналышка толук катышып, жыл жыйынтыгында ар бир аткарылган иштер боюнча  критерийлердин негизинде рейтинг чыгарылып, мыкты иш алып барган кураторлор үчүн өзгөчөлүктөр каралгандыгын баса белгилешти.

  Институт, колледждеги окутуучулар ушундай багыттагы жолугшуулар жетекчилик менен окутуучулардын ортосундагы бекемдикти чыңдай тургандыгын баса белгилешти жана суроо.сунуштарын айтышты.