1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

"Карьера жана практика боюнча иш кагаздарды талаптагыдай жүргүзөбүз” аттуу  иш- чара

ЖАМУнун институт, колледждердин карьера жана практика боюнча жооптууларынын катышуусунда иш кагаздарды талапка ылайык жүргүзүү боюнча  иш- чара уюштурулду. Иш-чара карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси  Н.С.Жолдошалиева   жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ү.Т.Кайкиевалардын катышуусунда жүргүзүлдү. Максаты жылдык отчетко даярдалуучу документтерди так жана талапка ылайык алып баруу, жыл ичинде   аткарылган иштердин  күчтүү жактары  менен  тоскоолдуктардын, базалык мекемелер менен жүргүзүлгөн иштердин өзгөчөлүктөрүн баса белгилөө.       Өндүрүштүк  практикалардын жөнөтүү жана жыйынтыктоо конференциялары боюнча, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр менен жүргүзүлгөн иш чаралар боюнчн, бүтүрүүчүлөр менен алынган анкетанын жыйынтыгынын анализи боюнча жазылган протоколдорго толуктоолорду киргизүү сунуштары айтылды  

    Н.С.Жолдошалиева  институт, колледждеги практика жетекчилери тарабынан берилген  суроолорго жооп берүү менен жана жылдык отчет тапшыруунун  көрсөтүп берди.

    Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ү.Т.Кайкиева  практиканын иш кагаздарын жазууда Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасындагы  жазуу эрежелери жөнүндө кеңири маалымат берип, ар бир иш кагазын жазууда туура жана тактыкка көңүл буруу керек экендигин баса көрсөттү.

      Бул иш-чара  бардык катышуучулар  үчүн пайдалуу болду. Аталган  иш -чарага мындан сырткары, аймактык билим берүү окуу жайлардан Кочкор-Ата  жана Майлуу-Суу колледждеринин практика жетекчилери  да келип катышышты.