1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

"Иш кагаздары жана алардын туура колдонулушу” 

Медициналык  колледждинин  дарылоо иши, медициналык айым иши, акушердик иш, фармация, ортопедиялык стоматология  адистигинде билим алып жаткан студенттер менен биргеликте “Иш кагаздары жана алардын туура колдонулушу” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.  Бул ш-чара  мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Кайкиева Үлпат Тагайбековна тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасында  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама  жана андагы өзгөртүүлөр жөнүндө  маалыматтар берилди.

 Кыргыз тилиндеги иш кагаздары, алардын бөлүнүштөрү, мамлекеттик тилде колдонуу жолдору, туура жана сабаттуу жазуу, расмий жана расмий эмес иш кагаздарынын түрлөрү жана бири-бири менен окшоштуктары, айырмачылык тары, иш кагаздарын жазуудагы маалымдаректер(реквизиттер),алардын чечмелениши боюнча кеңири малыматтар берилди.

  Студенттер  расмий эмес иш кагаздарынан арыз, түшүнүк кат жазышып, практикалык тапшырмаларды аткарышты. Мындай иш-чаралардын көп уюштурулуп турушу студенттер үчүн пайдалуу болот. Студенттер өтүлгөн иш-чара боюнча өздөрү кызыккан суроолорду  берип, тиешелүү жоопторду ала алышты.