1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

32

Иш кагаздары жана алардын туура колдонулушу

Чет тилдер  колледждинин чет тили, кытай тили  адистигинде билим алып жаткан студенттер менен биргеликте “Иш кагаздары жана алардын туура колдонулушу” деген темада мастер-класс өткөрүлдү.  Бул иш-чара  мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Кайкиева Үлпат Тагайбековна тарабынан уюштурулуп,  иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жана сабаттуу жазуу,  расмий жана расмий эмес иш кагаздарынын түрлөрү жана бири-бири менен окшоштуктары, айырмачылыктары, иш кагаздарын жазуудагы маалым даректер, алардын чечмелениши боюнча кеңири малыматтар берилди

   Студенттер  практикалык тапшырмаларды аткарууда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты жана берилген тапшырманы туура аткарууга аракет жасашты.

 Студенттер ар бир  иш кагазы, алардын жазылуу өзгөчөлүктөрү, маалым даректер, реквизиттердин түзүлүшү, чечмелениши боюнча  суроолорду берип тиешелүү жоопторду ала алышты.

     Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, иш кагаздарын жүргүзүү маданиятын жакшыртууга жана студенттердин иш кагаздары алардын жазылышы боюнча  маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк болду  деген ойдобуз.