1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Экономика жана укук колледжинин студенттери менен жолугушуу

Экономика жана укук колледжинин укук таануу жана социалдык иш адистигинде билим алып жаткан студенттер менен биргеликте “Расмий эмес иш кагаздары жана алардын жазылышы,маалым даректери”-деген темада мастер-класс өткөрүлдү. Бул ш-чара мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Кайкиева Үлпат Тагайбековна тарабынан уюштурулуп, расмий эмес иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жана сабаттуу жазуу боюнча кеңири маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Иш кагаздары боюнча типтүү нускамасы ,анын ар бир главасы,пункттары жөнүндө маалымат берилди.

Мастер-класстын жүрүшүндө расмий эмес иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы жана анын талаптары, тилдик нормаларды сактоо, иш кагаздарынын түзүлүшү жана стилистикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу практикалык мисалдарды иштөө менен түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чарага студенттер активдүү катышышып, маалым даректер,реквизиттер дин түзүлүшү,иш кагаздарын жазуудагы өзгөчөлүктөр боюнча суроолорду беришип,тиешелүү жоопторду ала алышты.

Бул мастер –класс студенттер үчүн пайдалуу болду.Алар практикалык тапшырмаларда активдүү катышып, арыз,түшүнүк кат,резюме жазууда кетирген кемчилдиктерин оңдошуп,туура жазууга көнүгүштү.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, иш кагаздарын туура жазууга,келечек кесип ээлеринини кесиптик деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жана мыкты шарттарды түзөт деген ойдобуз.