1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Болочок мугалимдерге “иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы” аттуу мастер-класс өткөрүлдү

Педагогикалык колледжинин башталгыч класстардын мугалими адистигинде билим алып жаткан студенттер менен биргеликте “Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы” аттуу мастер-класс өткөрүлдү.  Иш-чара  мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Үлпат Кайкиева тарабынан уюштурулуп,  иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жана сабаттуу жазуу боюнча кеңири маалымат берилди.

 Кыргыз Республикасынын иш кагаздары боюнча типтүү нускамасы жана андагы жоболор боюнча маалымат берилди.

   Мастер-класстын жүрүшүндө расмий документтерди мамлекеттик тилде түзүүнүн негизги талаптары, тилдик нормаларды сактоо, иш кагаздарынын түзүлүшү жана стилистикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу практикалык мисал дарды иштөө менен түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чарага  студенттер активдүү катышышып, маалым даректер, реквизиттердин  түзүлүшү, иш кагаздарын жазуудагы өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорго жоопторду  алышты.

Мындан сырткары,  педагогикалык колледждин кыргыз тил, ада бияты окутуучулары С.Козубаева, Н.Исраиловалар да катышып,өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.   

     Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, иш кагаздарын жүргүзүү маданиятын жакшыртууга жана адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө  мүмкүнчүлүк жана  мыкты шарттарды түзөт деген ойдобуз.