1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

Мамлекеттик тилдин тарыхы, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү

Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университети илимий берүү комплексинин Филология институтун окутуучусу ф.и.к,доцент А.Оморов жана мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча адис Ү.Т.Кайкиева тарабынан Манас шаардык   ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен “ Мамлекеттик тилдин  тарыхы,азыркы учурдагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр” деген темада семинар   өткөрүлдү. Бул иш-чара кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, салт-санаасын, рухий дөөлөттөрүн камтыган баа жеткис мурас экендиги, улуу мурастын кадыр- баркын даңазалоо максатында жана президентибиз С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун ишке ашыруу боюнча иш планынын алкагында уюштурулду. Бул иш–чараны Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Чыңгыз Суранович Айтимбетов  ачып берди.

Иш-чарада кыргыз тилинин тарыхый түпкү баалуулугу, азыркы учурдагы коомдогу орду, укуктук макамы, келечек муун үчүн мааниси, кызматкеркерлер үчүн Кыргыз Республикасында  иш кагазадарын  жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жана мамлекеттик тил программасы  боюнча  кеңири  баяндамаларды жасашты.

Бул иш-чара мамлекеттик тилдин  тарыхы, коомдогу ордун чыңдоого, мекемеде жүргүзүүлүчү иш кагаздары боюнча да айтылды. Катышуучулар кыргыз тилинин тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрү, анын баалуулук катары орду жөнүндө, иш кагаздары боюнча суроолорду беришти.

 Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу, жаштардын тилге болгон кызыгуусун ойготуу жана  жана маданияттын тили катары кеңири жайылтуу болду.

Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын кадрлар боюнча орун басары ,милициянын подполковниги Нүргүл Абдылашимовна Далбаева да  иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура жазылышы, реквизиттер, аларды туура колдонуу боюнча кошумча маалыматтарды берди.

Мындай иш-чаралар Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Манас шаардык ички иштер башкармылыгы менен кызматташууну бекедейт жана мамлекеттик тилдин статусун бекемдеп гана тим болбостон, улуттук аң-сезимди чыңдоого, тилди сүйүүгө жана аны күнүмдүк жашоодо колдонууга чоң түрткү берет.