1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

42

Студенттик чыгармалар-илим  изилдөөнүн бир түрү

"Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университети" илимий берүү өндүрүштүк комплексининин  филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын  професссору,ф.и.д, И.А.Абдувалиев жана мамлекеттик тил жана тил саясаты адиси Ү.Т.Кайкиева тарабынан 12-декабрь улуттук адабият жана залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 97 жылдыгына  карата   “Студенттик чыгармалар-илим  изилдөөнүн бир түрү” аттуу адабий чыгармачыл кече болуп өттү. Бул иш-чарага кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана окуу жайдагы институт жана колледждеги чыгармачылыкты баалаган, өздөрү ыр жазган таланттуу студенттер катышышты. "Студенттик чыгармалар жана илим”-деген темада  ф.и.д.,профессор, И.А.Абдувалиев  баяндама жасап,чыгармачылык менен алектенген студенттерге ийгилик каалоо менен бирге чыграмачылыктын үстүндө иштей берүүгө багыт берди. Ал эми кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окуутучусу А.Р.Шерипбаев агай болсо, “Адам турмушундагы поэзиянын ролу”- деген темада баяндама жасап, ыр жазган студенттерге акыл-насааттарын айтып,келечекте мыкты  чыгармачыл инсан болушуна, жан-дүйнөсүндөгү нерселерди ыр аркылуу бере билүүгө  багыт бере алды.Чынында чыгармачылыкка жакын, жан-дүйнөсү ыр деп турган таланттуу студенттер көп экен. Ошого карабастан, алардын арасынан эң мыкты делген студенттердин ырларын угуп,талантына баа бердик.   Алсак, филология институтунун  КТ-1-23 тайпасынын студенттери  Асылбек уулу Нурзаман, Орозалиева Гулзат, Эргешова Нураида, РЯЛ-124   тайпасынын студенти  Байбачаева  Арууке, ЧТ-1-25 тайпасынын студенти Жуманазарова Мырзагүл, ФМББ-1-23 тайпасынын студенти Салижанова Розия, ЛАк-1-24 тайпасынын студенти Шермамамтова Асема, педагогикалык колледжден  БКМк-2-24 тайпасынан Матаева Аида, Жалал-Абад колледжинин ЭССк-2-25 тайпасынан Курманбеков Усманбек деген студенттерибиздин ата-энелерге, жаштык кез, мигрант, сүйүү темасындагы ырлары  көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун таап, угуучуларга мыкты маанай тартуулай алды.

Жыйынтыгында, ф.и.д.,профессор, И.А.Абдувалиев агай  ыр жазган мыктылардын чыгармаларын топтоп, өзүнчө китеп кылып чыгарыла тургандыгын баса белгиледи. Окууларына жана чыгармачылыктарына ийгилик каалады.