1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

95

“УЛУТ ТИЛИ – УЛУУ ТИЛ” КЕРЕГЕ КЕҢЕШИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөөгө карата  “Улут тили – улуу тил” аталышындагы кереге кеңеш 2024-жылдын 16-февраль  күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кичи жыйындар залында болуп өттү.

Кереге кеңештин максаты КРдин Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Жараны концепциясын жайылтуу жана анын алкагында эне тилин сактоо, өнүктүрүү  маселелеринин бүгүнү жана келечеги жөнүндө жаш муундарга жеткирүү болуп эсептелет.

Кереге кеңеште  “Эне тилдин наркы” темасында   ф.и.д., профессор К.Б. Калчекеев,   “Улут аралык достукту чыңдөөдө Ассамблеянын ролу” аталышта Кыргызыстан калкы Ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн  башчысы, ЖАМУнун Ардактуу профессору К.А.Тилекеев,  “Кыргыз тилинин түрк тилдериндеги орду” деген темада  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Р.Шерипбаевдер кызыктуу баяндамаларын баяндап беришти.

Иш-чарага “Идель” татар-башкыр улуттук бирикмеси, “Славяндар диаспорасы” коомдук бирикмеси, “Өзбек” коомдук бирикмеси, “Астүрк” коомдук бирикмеси, “Рудаки” тажик улуттук-маданий борбору, “Көк түрк” коомдук бирикмеси, “Иттипак” уйгур улуттук-маданий борбору, ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлери факультеттердин жана колледждердин студенттери катышышты. Баяндамачыларга жана келген конокторго суроолор узатылуу менен суроо-жооптор, талкуулар сунуштар айтылды. 

Керге кеңешти университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  боюнча проректору А.Д. Доранова алып барды жана мындай жолугушуулар, жыйындар жаштар үчүн өтө маанилүү жана албетте өз жемишин берээрин баса белгиледи.