1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

64

"Манас" эпосу - жаштардын патриоттук жана маданий аң-сезимин калыптандыруучу булак

Б.Осмонов атындагы Жалал -Абад мамлекеттик университетинин   жаштар комитетинин окуу жана илимий иштер боюнча сектор башчысы  Г.Байгазиева, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адис Ү.Т.Кайкиева жана студенттердин демилгеси менен  4-декабрь Манас күнүнө жана 12-декабрь залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 97 жылдыгына карата  командалар арасында   “Манас” эпосу- жаштардын патироттук жана маданий аң-сезимин калыптандыруучу булак- аталышындагы таймаш уюштурушту.

Бул иш-чараны  ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адис Ү.Т.Кайкиева  ачып берип, "Даанышман” интеллектуалдык оюнунда ЖАМУнун бардык институт, колледждериндеги командаларды жана алардын мүчөлөрүн бүгүнкү таймашка  мыкты катышууга жана берилген суроолорго туура, так  жооп берүүгө чакырды. Жалпысынан алганда бул таймашка 10 команда катышты. Таймаш эки этаптан өткөрүлдү. Биринчи бөлүктө “Манас” эпосу, андагы каармандар, эпоско байланыштуу өткөрүлгөн иш-чаралар, эпосту изилдөөчүлөр жана жыйноочулар болсо, экинчи бөлүктө залкар жазуучубуздун чыгармалары, сыйлыктары, дүйнөлүк адабияттагы орду тууралуу суоолор болду.

Таймашка катышкан ар бир командалар өз активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Ар бир команда берилген суроолорго так, туура жооп бергенге аракет жасашып, өздөрүнүн мыкты, изденгич экендигин көргөзүүгө белсеништи.  Жыйынтыгында,1-орунду Жалал-Абад колледжинин “Логос” командасы, 2-орунду Агрардык техникалык институттун "Эрудит" командасы, 3-орунду Филология институтунун “Ийгилик" командасы ээлешип, 1-2-3-даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу  белектер менен сыйланышты. Калган 7 команда да баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Мындай таймаштар студенттерди "Манас" эпосун жана залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын дагы көп окууга үндөйт деп ишеним арта алабыз.