1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 день назад

12

"Манас - кыргыз элинин руханий мурасы жана улуттук иденттүүлүктүн булагы”- аталышындагы  кереге кеңеш

Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университети илимий берүү өндүрүштүк комплексининин  мамлекеттик тил,социалдык жана тарбиялык иштер боюнча проректору А.Т.Маматумаров, мамлекеттик тил жана тил саясаты бонча адис Ү.Т.Кайкиева, ЖАМУнун фундаменталдык,колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар институтунун директору К.Б.Калчакеевдер тарабынан Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар Министрлиги Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралында №65  ”Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча ”Манас”-улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө токтому,аны аткаруу боюнча 2023-2027-жылдарга иш-чаралар планына,ошондой эле 4-декабрь Манас күнүнө карата ”Манас-  кыргыз элинин руханий мурасы жана улуттук иденттүүлүктүн булагы”- аталышындагы  кереге кеңеш өткөрүлдү.

     Бул иш чарага азыркы учурдагы белгилүү манасчылар Матов Алимбай  Боронбаевич, Сапаралиев Абдыманап Мамановичтер келип,”Манас”эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти .Ал эми ф.и.д,профессор И.А.Абдувалиев “Манастын тилинин өзгөчөлүгү”,кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Р.Шерипбаев “Манас” эпосундагы кыргыздардын Анжияндан Алтайга исүрүлүшү жана тарыхы”деген темаларда баяндамаларды жасашты.Иш-чарага катышкан студенттер да өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп,илимпоз агайларга өздөрү кызыккан суроолорду берип,мыкты жоопторду ала алышты.

Азыркы билим алып жаткан жаштар “Манас” эпосун угуп эле тим болбостон,эпостон үзүндүлөрдү жаттап,эл арасында айтып жургөн таланттуу экендиктерин көрсөтүшүп,”Манас”эпосунан үзүндүлөрдү тартуулашты Алсак,агрардык техникалык институттун В-1-25 тайпасынын студенти Ж.Садиров,Чет тилдер колледжинин студенттери  А.Каримова,А,Исабаевалар “Манас”эпосунан үзүндүлөрдү айтып,жалпы иш-чаранын катышуучуларына мыкты маанай тартуулашты.

 Бул иш-чара студенттердин көрөңгөсүн толтуруп,жан-дүйнөсүнө аз да болсо  руханий азык бере алды деп ойлойбуз.