1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

18

ЖАМУ дагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү ийримдерге көзөмөлдү күчөтөт

Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана тил саясатынын  институт, колледждердеги  ийримдер  менен иш алып баруусунун негизинде, чет тилдер колледжинин  англис тили ПЦКсынын ”Rainbow” ийриминин  жетекчилери  М.Мурзалиева  жана А.Абдусаматова 2025-жылдын сентябрь айынан бери окуу жайга жаңы келген студенттерди ийримге мүчө кылып, иш-планда  белгиленгендей, студенттердин чет тилинде  сүйлөөсүн өнүктүрүү максатында  түрдүү иш-чараларды өткөрүп келүүдө.

Ийрим катышуучуларын кызыктыруу максатында бул жолу да .”Rainbow” ийриминин катышуучулары менен саамалык өткөрүп анда, англис тилинде диалогдорду, жаңылмачтарды айтышып, ”Күлчө”,”Шалгам”,Кызыл шапка” ”Жаман көрүнгөн өрдөк” жомокторунан үзүндүлөрдү англис тилинде сахналаштырып аткарышты. Мындан сырткары,ийримдин ар бир мүчөсү өздөрү  жакшы көргөн мамлекеттер, алардын түзүлүшү, маданияты, каада-салттары боюнча бири-бирине англис тилинде суроо беришип, жоопторду ала алышты. Ошондой эле  иш чара англис тилиндеги ырлар жана бийлер менен коштолду.

Мындай аракеттер балдардын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүп, тил билүүгө болгон кызыгуусун артырат. Өзгө тилди билүү менен өз мекениңди таанытууга мүмкүнчүлүк жаралат.

ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адис Ү.Т.Кайкиева мындан ары окуу жайдагы ар бир ийримдер менен тыгыз иш алып барарын айтып, студенттерге ийгиликтерди каалады. Катышуучуларга чет тилин билип, чет өлкөлөргө баруу менен Кыргызстанды башкаларга таанытуу керектигин айтып өттү. Келечекте ийрим катышуучулары кыргыз чыгармаларын башка тилде которооруна ишеним билдирди.

Ал эми ”Rainbow”  ийриминин жетекчилери алдыда Манас күнүнө жана Ч.Айтматовдун жумалыктарына да кызуу даярдык көрүлүп жатканын кошумчалады.