1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

Кыргыз тили-адилеттүүлүккө үндөгөн тил

Б.Осмонов атындагы Жалала-Абад мамлекеттик университети илимий берүү комплексинин Филология институтун окутуучусу ф.и.к,доцент А.Оморов жана мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча адис Ү.Т.Кайкиевалар   Манас шаардык сотунда «Кыргыз тилим — адилеттүүлүккө үндөгөн тил» деген темада лекция өткөрүлдү.   Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, салт-санаасын, рухий дөөлөттөрүн камтыган баа жеткис мурас. Ушул улуу мурастын кадыр- баркын даңазалоо максатында жана президентибиз С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш планынын алкагында уюштурулду. Бул иш–чараны Манас шаардык сотунун төрагасы Адилет Нуркамиович Шаршеев ачып берди.

Иш-чарада кыргыз тилинин тарыхый түпкү баалуулугу,азыркы учурдагы коомдогу орду,укуктук макамы,келечек муун үчүн мааниси, анын адилеттүүлүккө, ынтымакка жана адамгерчиликке үндөгөн күчү тууралуу кеңири баяндамаларды жасашты.

 кыргыз тилинин тарыхый түпкү баалуулугу, коомдогу орду, укуктук макамы жана келечек муун үчүн мааниси тууралуу айтылды жана

Бул иш-чара мамлекеттик тилдин коомдогу ордун чыңдоого, тилдин биримдик жана адилеттүүлүк алып келүүчү күч катары таанылышына багытталды. Лекция учурунда катышуучулар кыргыз тилинин тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрү, анын баалуулук катары орду жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Лекциянын негизги максаты — мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу, жаштардын тилге болгон кызыгуусун ойготуу жана кыргыз тилин адилеттүүлүктүн, акыйкаттыктын жана маданияттын тили катары кеңири жайылтуу болду.

Иш-чаранын катышуучулары сот тармагындагы иш кагаздарынын жүргүзүүдөгү көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору, юридикалык терминдерди которуудагы маселелер боюнча суроолорду беришти

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин статусун бекемдеп гана тим болбостон, улуттук аң-сезимди чыңдоого, тилди сүйүүгө жана аны күнүмдүк жашоодо колдонууга чоң түрткү берет.