1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил жана тил саясаты

1 неделю назад

4

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  мамлекеттик тил жана тил саясаты-  институт жана колледждерде мамлекеттик тилди жайылтууну, өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн төмөндөгүдөй маселелерди турмушка ашыруу максатын көздөйт.

Мамлекеттик тил  жана тил саясатыныннегизги максаты:

·        Мамлекеттик тилди илимдин тили катары колдонуу; 

·        ·Университеттин жетишкендиктерин мамлекеттик тилде кеңири пайдалануу жана социалдык тармактарга жайылтуу;

·        Мамлекеттик тилди даңазалоо, окутуучулук-профессордук курамдын студенттердин мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттыруу;

·        Көрнөк-жарнак, иш-кагаздардын мамлекеттик тилде сабатуу жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;

·        Чет өлкөдөн келип билим алып жаткан студенттердин мамлекеттик тил маданиятынын билүүгө,сыйлоого, үйрөнүүгө,тилге болгон мамилесин жандантууга салым кошуу;

·        ЖАМУда окуп жаткан ар түрдүү улуттардын, этностордун тилин сактоо барктоо менен кыргызстандыктардын ынтымагын бекемдөөнүн фактору катары мамлекеттик тилди масштабдуу, натыйжалуу колдонууга жетишкен тил саясатын жүргүзүү;

·        ЖАМУда  мамлекеттик эне тилин, расмий, эл аралык тилдерди сабаттуу билген жаңы муундун чоң тобун тарбиялоо;

·        Кандидаттык, доктордук диссертацияларды мамлекеттик тилде жазууну өнүктүрүү;

·        Бүтүрүүчүлөр үчүн кыргыз тили предметинен мамлекеттик сынактарды киргизүүнү ишке ашыруу:

    Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  кызматтык милдеттер:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жобосуна ылайык мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын чегинде иш жүргүзүү;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жобосуна ылайык,нормативдик укуктук актылардын сакталышы боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып баруу;
  • ЖАМУнун институт,колледждериндеги иш-кагаздарынын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү;
  • Билим берүү стандарттарындагы окуу пландарындагы окуу дисциплиналарын, курстук, дипломдук, магистрдик иштерди мамлекеттик тилде жазуунун сапатын көтөрүү;
  • Окуу жайдын аймагындагы көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде сабаттуу жазылышын көзөмөлдөө;
  • Жалал-Абад мамлекеттик унверситетинин бардык түзүмдөрүндө (институт,колледж, окуу бөлүмү,сапат бөлүмү, жатаканалар) иш кагазадарын 2020-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик тилге өткөрүүнү толук аяктоого жетишүү;
  • Профессордук-окутучулук курамдын мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөп, сапаттуу билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүдөгү ролун күчөтүү; 
  • Мамлекеттик тилди окутуу, үйрөтүү боюнча окуу-усулдук жана усулдук дук иштерди уюштуруу;
  • Мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн,аны жайылтуунун илимий, практикалык жолдорун, ыкмаларын изилдѳѳ, иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу;