“УЛУТТУН УҢГУЛУУ НАРКТАРЫ”
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун жана ЖАМУнун 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында “Улуттун уңгулуу нарктары” аталыштагы кереге кеңеш 2024-жылдын 1-февралында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында болуп өттү.
Кереге кеңештин максаты - жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт, ошондой эле жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттук нарк башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирип, калктардын, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, өз apa мамилеге шайкешип, бириктирүүчү кызматты аткаргандыгын жаш муундарга жеткирүү, калыптандыруу.
Кереге кеңешке Жалал-Абад областык ардагерлер кеңешинин башчысы, белгилүү коомдук ишмер Кожоакматов Э.К., Кыргызстан калкы Ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн башчысы, белгилүү коомдук ишмер жана ЖАМУнун ардактуу профессору Тилекеев К.А., Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, белгилүү коомдук ишмер Мамасалиев Д.М., Ардагер аксакал коомдук ишмер, срепчи Ибрагимов Б.И., “Баян” сайтынын башкы редактору, акын Стамбеков С., Эл агартуунун отличниги, ардагер аксакал Абдылбапов Б., т.и.д., профессор Аширалиев А.А., ф.и.д., профессор Абдувалиев И.А., жана университеттин факультеттеринин жана колледждеринин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери (Э.Уметов ат.ПФ, ЭЮФ, ТТФ, ФФ, МФ, ЖАК, МК, ЭЮК) катышышты.
Иш-чараны университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова алып барды. Кереге кеңеш КРдин мамлекеттик Гимни менен ачылды жана модератор, конокторго, катышуучуларга университеттин ректору К.Ж.Усеновдун саламы жана куттуктоосун жеткирди. Ошондой эле, “Улуттук нарк - адамзаттык баалуулуктардын башаты” деген темада ф.и.д., профессор К.Б.Калчекеев баяндама жасап, андан соң келген коноктор жана университеттин профессор-окутуучулары да нарктуу эл, улуттук нарк, нарк-насиледер, нарктуу тарбия, инсандын адеп-ахлагы жана маданияты сыяктуу маселелерге басым жасоо менен студенттерге маанилүү кеп-кеңештерин беришип, кызыктуу маек курулду. Кезегинде студенттер кызыккан суролорун беришип, жоопторду алышты жана талкууга активдүү катышышты.