1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 год назад

86

ЖОЖДОРДУН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ПРОРЕКТОРЛОРУНУН III ФОРУМУ

2024-жылдын 18-январында ОшМУнун базасындаКыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аттуу ЖОЖдордун мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму болуп өттү.  Мамлекеттик тилдин колдонулушу, жайылтылышы, изилдениши, сакталышы, өркүндөтүлүшү,  билим берүү системасы аркылуу ишке аша тургандыгын, андагы түрдүү көйгөйлөр, жетишкендиктери, учурдагы абалдын талкууга алынышы заман талабы экендиги башкы форумдун негизги максаты.

Форум КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн эксперти К.Б.Жанузакова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери Т.Н.Абылкасымова, Ош шаарынын вице-мэри Н.С.Кадыров, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская жана ЖОЖдордун мамлекеттик тил проректорлорунун катышуусунда ийгиликтүү өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасыК.О.Осмоналиев “Жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тил маселелери” боюнча баяндама жасап, ЖОЖдордогу мамлекеттик тил боюнча проректорлордун орду, милдеттери, кыргыз тил жана адабияты дисциплиналарынын сааттары, сабакта жаңы ыкма, усулдардын колдонулушу жана   сапаты, иш кагаздарын жүгуртүүдө мамлекеттик тилдин орду, инфодокс боюнча келген жана кеткен иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жооп берилүүсү сыяктуу  бир топ сунуш-пикирлерди ортого салды.  Андан сырткары ЖОЖдордун проректорлору тарабынан жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тилдин абалы боюнча маалыматтар берилди.  

Ошону менен форум өз ишинде бир нече сунуш-пикирлердин негизинде төмөнкү  кайрылууларды кабыл алды:

-          “Кыргыз тили жана адабияты” дисциплинасын стандартта каралган 240 саат көлөмүндө сактоо;

-          “Кыргыз тили жана адабияты” дисциплинасынын 240 саат (8кредит) сакталбаган ЖОЖдордун жетекчилерине чара колдонуу (ББИМдин атайын буйругу менен);

-          Мамлекеттик тил проректору штатына башка милдеттерди кошпоо жана мындай штат  каралбаган ЖОЖдордо мамлекеттик тил проректору кызмат ордун ачуу (ББИМдин буйругу менен);

-          Инфодокска каттала элек ЖОЖдордорду ушул системага катталуусун камсыздоо жана мамлекеттик тилде иш кагаздарынын көрсөткүчүн жогорулатуу;

-          Жыл ичинде ЖОЖдордун мамлекеттик тил проректорлору менен график боюнча он-лайн конференцияларды туруктуу уюштуруу (макулдашууга ылайык);

-           ЖОЖдордун мамлекеттик тил проректорлордун оф-лайн форматтагы форумун жылына бир жолу өткөрүү;

-          МТСУК тарабынан уюштурула турган Жасалма интеллект продукциясы боюнча хахатондорго активдүү катышуу.

Форумуга университеттин МТТС боюнча проректору А.Д.Доранова катышып, программага ылайык “Б.Осмонов атындагы ЖАМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иштер” университеттеги мамлекеттик тил жаатындагы жүргүзүлуп жаткан иш аракеттер жөнүндө баяндама жасады.