ЭНЕ ТИЛ - УЛУТ СЫЙМЫГЫ

Жакында Барпы атындагы областтык драма театрында Жалал-Абад шаарынын мэриясы уюштурган Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата “Эне тил – улут уңгусу аталышындагы чоң иш чара өткөрдү. Иш чарага шаардагы мекеме иш каналардын кызматкерлери ЖОЖдордун, колледждердин, мектептердин кызматкерлери жана студенттери, окуучулары катышты. Иш чараны шаардын социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Жапаров Кубанычбек сөз сүйлөп ачып шаар тургундарын Эл аралык эне тил майрамы менен кызуу куттуктап, тилдин тазалыгы үчүн күрөшүп аны көздүн карегиндей сактоо мезгил талабы экенин баса белгиледи. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу МТСУК Жалал-Абад облусундагы өкүлү Т.Ахмедованын сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды куттуктады.
Аталган иш-чарада Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор Калчекеев Кубанычбек Бекболотович “Эне тил – улут уңгусу” аталышындагы илимий баяндама менен чыгып сүйлөп, ар бир улуттун тили өз улуту үчүн эч нерсеге алмаштыргыс касиет экенин тиешелүү фактылар менен бекемдеди. “Эне тил элди сактайт, эл жерди сактайт” дегендей ар бир улут өз эне тилин бекем сүйүп, ардактап, кастарлоого тийиш. Баяндамада дүйнөдөгү жоголуп бараткан тилдердин обьективдүү, субьективдүү тагдыры тууралу да, далилдүү фактылар аркылуу анализ жасалды.