“ЭР ТАБЫЛДЫ” ЭПОСУНУН СЮЖЕТТИК-ТЕМАТИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ПРОЕКТ ИШКЕ АШТЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ), Ош мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекетик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык – Көл мамлекеттик университети, Талас мамалекеттик университетинин биргелешкен “Эр Табылды” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү” деген проект максатына жетти. Проектти КТМУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты, белгилүү окумуштуу Калия Кулалиева жетектеди. ЖАМУга бөлүнгөн “Эр Табылды” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү жөнүндөгү жыйнак ЖАМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Калчекеев Кубанычбек Бекболотовичтин жетекчилигинин астында жарык көрдү (Изилдөөчү топтун мүчөлөрү ага окутуучулар А. Шерипбаев, Р. Келдибаева, А. Ашимбаева, К. Кошойкановдор болду. Илимий жыйнак Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) басмасында 2024-жылдын декабрында жарык көрдү.
Аталган жыйнактын баш сөзүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Калчекеевдер жазды. Илимий китеп “Эр Табылды” эпосунун алкагында ишке ашырылган эмгек болуп саналат. Көрсөткүч Актан Тыныбековдун, Ырысбай Дыйканбай уулунун варианттары боюнча түзүлдү. Жакында ЖАМУда аталган эмгектин бет ачары болуп өттү.