«Эне тил – улут уңгусу» студенттердин фестивалы
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алгагында жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөөгө карата «Эне тил – улут уңгусу» аталышта студенттер арасында фестиваль университеттин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында болуп өттү. Фестивалды университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова ачып, “21-февраль – Эл аралык эне тил күнү” карата университеттин ректору К.Ж.Усеновдун куттуктоосун жолдоп, фестивалдын катышучуларына ийгилик каалады.
Фестивалдын максаты, ар бир элдин тилин, тарыхын, маданиятын, каада-салтын сактоого жана жакындан тааныштырууга, даңазалоого шарт түзүү, өз мекенине, элине, эне тилине болгон сый-урматты кеңейтүү, көп тилдүү билим берүүгө багыт берүү, элдер жана улуттар аралык достук мамилелерди, карым-катнашты чыңдоо.
Фестивалга 8 команда катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты:
1. Кыргыз тили командасы - даярдаган филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы;
2. Орус тил командасы – даярдаган филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы;
3. Өзбек тили командасы – даярдаган филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Осмонова К.И.;
4. Түрк тили командасы – даярдаган филология факультетинин лингвистика жана маданияттар аралык байланыш кафедрасы;
5. Англис тили командасы - филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы;
6. Немец тили командасы - филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы;
7. Кытай тили командасы - Конфуций институтунун жамааты;
8. Индия тили командасы - Медициналык факультети.
Фестивалдын катышуучулары көрсөтүлгөн мөөнөттө жана жобого ылайык төмөндөгүдөй жанрларды жана шарттарды эске алуу менен 25-30 мүнөттүн ичинде өз өнөрлөрүн тартуулашаты. Иш-чарага катышкан командалар жана жобонун негизинде мыкты номер даярдап келген жана аткарган катышуучулар университеттин дипломдору менен сыйланышты.
Фестивалдын уюштуруучулары жана жумушчу тобу: ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, мамлекеттик тил борбору, маданий-эстетикалык борбору, жаштар комитети, филология факультети, медициналык факультети, Конфуций институту.