1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

МАНАС ЖАНА МАНАСЧЫЛАР !

2024-жылдын 27-ноябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинде 4-декабрь - Манас күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Мамлекеттик тилдин 35, ЖАМУнун 100 жылдыгына карата  “Манас жана манасчылар “ аталышындагы Кереге кеңеш болуп өттү.Иш-чараны ЖАМУнун мамлекеттик бөлүмүнүн жетекчиси, филология илимдеринин доктору ,профессор Калчекеев Кубанычбек Бекболотович сөз сүйлөп ачты. ЖАМУнун мамлекеттик тил саясаты проректору, Доранова Айгүл Дадажановна ректордун атынан катышуучуларды куттуктап, мазмундуу ой-сунушун айтты. Андан кийин КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Ахмедова Толгонай Жамашевна куттуктоо сөз сүйлөдү.

               Иш чараны кыргыз улуттук “Манас” театры менен Жамунун мам-тил бөлүмү уюштурду. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору, белгилүү манасчы Нурбек Талантбек уулу баш болгон театрдын белгилүү манасчылары Маатов Алимбай, Сапаралиев Абдуманнаптар ЖАМУнун жалпы жамаатын Манас күнү менен куттуктап жакшы каалоолорун айтышты. ЖАМУнун профессору, филология илимдеринин доктору К.Б. Калчекеев “Манас жана Манасчылар” деген темада кызыктуу баяндама жасады. ЖАМУнун “Жаш манасчылар “ийримини жаш манасчылары Өсөрова Чынарбу ,Исмаилова Айжаңыл,Асанова Элиза ,Журабаева Жайнагүл ,Исабаева Сайкал ,Жапарова Нурсулуулар манастан үзүндү, көркөм окууларды аткарышты. Андан башка №5 К.Эрматов атындагы мектептен Адахан Жоробаев, Абдумомунова Аймончок , жалал-абад шаарындагы №13 мектебинен Мамажанов Абдышүкүрлөр да, улуу эпостон кызыктуу үзүндүлөрдү айтып, Манасты даңазалашты. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дипломдору менен сыйланышты.