УЛУТТАР АРАЛЫК БИРИМДИК – МАМЛЕКЕТТИН КЕЛЕЧЕГИ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдындагы аянтта “Улуттар аралык биримдик – мамлекеттин келечеги” иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынганынын 35 жылдыгына карата жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан Эл ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмү, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кыргызстан кызыл ай улуттук коому менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаев катышты жана өз сөзүндө, иш-чаранын негизин түзгөн улуттар аралык биримдик, ынтымак мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон инсандардын чоң салымы. Андыктан өлкөбүздүн ар бир жараны аракетчил, эмгекчил, мекенчил жана ынтымактуу карым-катнашта болуубуз шарт. Облусубуздун жарандары мына ушул ынтымагыбыз, биримдигибиз, эмгекчилдигибиз негизинде кылымдап бирге жашоо кечирип келе жатабыз. Ушунубуздан жазбайлы жана мындай иш-чаралар ынтымактын уюткусунун белгиси экендиги белгилүү деп баса белгиледи.
Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле ар бир элдин тилин, тарыхын, руханий баалуулуктарын, маданиятын, каада-салтын сактоого жана жакындан тааныштырууга, даңазалоого шарт түзүү менен ар бир жарандын жашап жаткан мамлекетине, мекенине болгон сый-урматты күчөттүү, элдер жана улуттар аралык достук мамилелерди чыңдоо, карым-катнашты өнүктүрүү, мекенчил болууга тарбиялоо.
Иш-чарага Кыргыз маданияты, Өзбек улуттук маданий диаспорасы, Словяндар Ассоциациясы, Татар-Башкырлар, Астүрк, Көк Түрк, Тажик, Уйгур коомдук бирикмелери катышып элдик-улуттук буюм-тайым, кийим-кечек, тамак-аш көргөзмөлөрүн жана өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чараны уюштуруп өткөрүүдө университеттин маданий-эстетикалык борбору, жаштар комитети жардам беришти. Ал эми Кыргызстан кызыл ай коому белектерди тапшырды. Мына ушул сыяктуу иш-чаралардын өткөрүлүп туруусу жаштардын мекенчил мыкты инсан болуп калыптануусуна зор өбөлгө түзөт, деп белгиледи университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова.