Кыргызча-орусча терминологиялык сөздүктөр университетке белекке берилди
“Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминологиялык борбору тарабынан 10 тармак боюнча кыргызча-орусча терминологиялык сөздүктөрдүн жыйнагы камтылган китептер 2024-жылы басмадан чыккан. Бул сөздүктөрдө ушул кезге чейин чаржайыт колдонулуп келген сөздөр, терминдер ирээтке салынган жана коомчулукка колдонууга сунушталат.
Ушул жаңы басмадан чыккан сөздүктөрдүн эки топтому, башкача айтканда 20 даанасын университеттин жамаатына тапшырылды. Бул китептер университеттин окуу залына өткөрүлүп берилди.
Сөздүктөгү тармактар төмөнкүлөр:
· Курулуш, архитектура тармактарындагы атоолордун, сөз айкаштарынын кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү;
· Философия терминдеринин сөздүгү;
· Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү;
· Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү;
· Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык аталыштарынын сөздүгү;
· Медицинада көп кездешүүчү терминдердин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү;
· Салык терминдеринин кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү;
· Статистика атоолорунун (терминдер жана сөз тизмектери) орусча-кыргызча сөздүгү;
· Биологиялык терминдердин кыргызча-орусча / орусча-кыргызча сөздүгү;
· Музей терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү.