1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

83

ЖОЖдордогу МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАСЕЛЕЛЕРИ ФОРУМУ

2024-жылдын 24-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган ЖОЖдорджогу мамлекеттик тил маселелериаталыштагы форум болуп өттү.

Форумда төмөндөгү негизги маселелер каралды:

-          ЖОЖдордогу окутуу тилдери боюнча маселелер;

-          бүтүрүүчү курстар үчүн кесипке багытталган иш кагаздарын окутуу курсун киргизүү;

-          бардык дисциплиналар боюнча окуу куралдарын, усулдарын чыгаруу, башка тилдерден которуу иштерин жүргүзүү;

-          ЖОЖдордогу кыргыз филологиясы факультеттеринин окуу программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (котормо, терминология сабактарын) киргизүү;

-          автордук колдонмолору бар тажрыйбалуу окутуучулардын усулдарын ЖОЖдор арасында жайылтуу;

-          окутуучулардын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана ишке ашыруу;

-          кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелери, ж.б.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К.Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева, ЖОЖдордун ректорлору, мамлекеттик тил боюнча проректорлору жана кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил кафедраларынын башчылары катышышты. Форумда каралган маселелер боюнча кызуу талкуу болду жана милдеттер белгиленди.

Форумга университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова катышып келди.