1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

97

МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕН БАШТАЛАТ

Университеттин башкы корпусундагы жыйындар залында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К.Мураталиев Жалал-Абад облустка болгон иш сапарынын алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Жыйын мамлекеттик тил  бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Мамлекеттүүлүктү түзгөн байыркы элдин урпагы экендигибизди баалай билүү, көздүн карегиндей сактоо, өнүктүрүүгө салым кошуу,  мамлекеттик тилди өркүндөтүүнү күчөтүү,  кыргыз  тилинде таза  сүйлөөнү жана иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүүгө жетишүүгө салым кошуу иш-чаранын негизги максаты экендигин төрага М.К.Мураталиев өз сөзүндө айтты.

 Иш-чарага университеттин факультеттери жана колледждери көргөзмө даярдашып, профессордук-окутуучулар курамы тарабынан даярдалган жана жарык көргөн илимий, окуу-усулдук эмгектерин жана студенттер жасаган кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүн жана кийим кечелерин коюшту.   Университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова, жолугушуу иш-чарасындагы баарлашуудан студенттер баалуу маалыматтарды алды жана келечектеги жашоосуна ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүнө чоң таасирин тийгизерин баса белгиледи.