1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

286

“Билгиге” катышкан ЖАМУнун “Кут билим” командасынын билгичтери

Кыргыз Республикасынын улуттук каналы жана КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясы биргеликте, “Китеп байлык издегенин табышсын, студенттер билим менен жарышсын”, - аттуу КРнын Президентинин колдоосу менен өлкөбүздө биринчи жолу республикалык байге фонду 1000000 (1 млн) сомдук жогорку окуу жайлар арасында "Билги" билим таймашынын 2-айлампасы болуп өттү.  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун “Кут билим” командасы менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Баласагын” командасы таймашышып 14.75 -14.25 эсебинде “Баласагын” командасын жеңди жана 3-айлампага катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Азырынча “Кут билим” командасы тайпалык эсепте биринчи орунда турушат.  

Команданы даярдоодо жана жетектеп алып барган кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага  окутуучусу  А.Шерипбаев, баалуу кеп-кеңештерин берген  кыргыз тили жана адабияты  кафедрасынын башчысы, профессор И.Абдувалиев, кафедранын доценттери А.Оморов, Г.Бакировалар алгылыктуу эмгек жасашты.

 “Кут билим” тобунун курамы:

1. Сапарбаева Үпөл - Кт-1-21 тайпасынын студенти

2. Карыпбаева Тансулуу - Кт-1-21 тайпасынын студенти

3. Жалалова Чынаргүл - Кт-1-21 тайпасынын студенти

4. Сапарова Эркинай - Кт-1-22 тайпасынын студенти

5. Махаммадкосим к Асия - Кт-1-22 тайпасынын студенти.

            Уюштуруучулар жана катышуучулар, топту жетектеп барган окутуучуларга жана студенттерге моралдык жана  каржылык тарабынан колдоо көрсөткөн университеттин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиргендигин айтты Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор А.Д.Доранова.