1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

169

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИДИН УЧУРДАГЫ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ 

Бүгүн 2024-жылдын 20-сентябрында университеттин башкы корпусундагы жыйындар залында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилидин учурдагы актуалдуу маселелери” аталыштагы илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү. Жыйын мамлекеттик тил  жана илим бөлүмдөрү тарабынан уюштурулуп, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын көмөктөшүүсү менен өткөрүлдү.   Жыйынды университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова ачып, “23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү” майрамы менен университеттин ректору К.Ж.Усеновдун куттуктоосун айтып, иш-чаранын ишине жана катышучуларына ийгилик каалады. 

Жыйындын максаты, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана өркүндөтүү, кыргыз  тилинде таза  сүйлөөнү жана иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүүгө жетишүү, учурдагы актуалдуу маселелерин аныктоо менен жоюуга салым кошуу.    

 Жыйынга КРдин Президентине караштуу МТСУК Жалал-Абад облусундагы өкүлү Т.Ж.Ахмедова, КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, ф.и.д., академик А.А.Акматалиев жана кызматкерлери,  КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.д., профессору К.А.Абакиров, ТалМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Т.К. Айталиева, ОшМУнун профессору ф.и.д. Г.М. Жамгырчиева, БАЭМУнун Т.Нарымбетов баштаган жамаатынын өкүлдөрү, университеттин кыргыз тили жана адабияты, гуманитардык илимдер, професоор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедраларынын жамааттары, аспиранттар илимий куттуктоолору, баяндамалары жана презентациялары менен активдүү катышышты.  

Иш-чараны мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы К.Калчекеев алып барды жана мындай жыйындар жаштар үчүн өтө маанилүү экендигин, ал өз учурунда мамлекеттик тил жаатында бааланарын  белгиледи.  Жыйынды аягында резолюция кабыл алынды.